«Кыргыз Туусу»
маалымат-басма үйү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 15-январындагы №1 Жарлыгынын негизинде «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси түзүлгөн.

Жаңы мекеме «Кыргыз Туусу» жана «Слово Кыргызстана» басма үйлөрүн, ошондой эле «Байчечекей» балдар журналы менен «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналынын редакцияларын бириктирүү аркылуу түзүлдү.

Бүгүнкү күндө «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйүнүн курамында жалпы улуттук «Кыргыз Туусу» жана «Слово Кыргызстана» гезиттери, «Байчечекей» балдар журналы жана «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналы иш алып барат.

Мекеменин негизги максаты — мамлекеттик маалымат саясатын жүзөгө ашыруу, коомду так жана ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуу, улуттук баалуулуктарды, адабиятты жана маданиятты жайылтуу, ошондой эле заманбап медианын өнүгүшүнө салым кошуу.

«Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү салттуу журналистиканын бай тажрыйбасын жана жаңы медиа мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырып, өлкөнүн маалымат мейкиндигиндеги маанилүү борборлордун бири болуп саналат.

Байланыштар

Редакция:
62-20-54

Жарнама бөлүмү:
Тел./факс: 62-20-29

720040. Бишкек шаары,
Т.Абдумомунов көчөсү, 193.
факс: 62-20-52

Электрондук дарек:
e-mail: [email protected]