Өзбек жазуучусу Ахмаджон Мелибоев: “Ала-Тоо» журналы мурунку туу чокусуна жетип, андан да ашып өтсүн”

Өзбекстандын белгилүү жазуучусу жана журналисти Ахмаджон Мелибоев «Ала-Тоо» журналынын кайрадан жарык көрүүсүнө кубанычта экенин билдирип, каалоо-тилегин билдирди.

Ал студенттик жана мектеп жылдарын эскерип, ошол кезде «Ала-Тоо» жана «Чалкан» журналдарын кызыгуу менен окуганын белгиледи. Анын айтымында, басма сөзгө болгон кызыгуу кийин журналисттик кесипти тандоосуна түрткү болгон.

“Бул – элдерди бириктирүүнүн эң сонун жолу. Азыркы маалымат жана басма сөз басылмалары мамлекеттердин, элдердин достугун чыңдоодо маанилүү роль ойнойт”, – деди Ахмаджон Мелибоев.

Мелибоев «Ала-Тоо» менен Ташкентте чыккан «Шарк юлдузи» журналдары өз мезгилинде адабияттагы орду жана багыты боюнча бири-бири менен атаандашып, жогорку деңгээлде өнүгүп келгенин белгиледи. Ал соңку учурда «Ала-Тоо» журналынын жаңы сандарын окуп, анда өзбек адабиятына арналган материалдардын жарыяланып жатканына кубанганын айтты.

“Ала-Тоо» журналы мурунку туу чокусуна жетип, андан да ашып өтсүн. Биз дайыма колдоого, сиздер менен кызматташууга даярбыз”, – деп билдирди Мелибоев. 

Ал кыргыз жана өзбек адабиятындагы жаңы ысымдарды, чыгармачылык багыттарды бири-бири менен тыгыз байланышта таанып-билүү маанилүү экенин белгилеп, «Ала-Тоо» журналына ийгиликтерди каалады.