Залкар комузчу Ныязаалы Борош уулунун 170 жылдыгына арналган «Ныязаалы Борош уулунун чыгармачылык мурасы жана комузчулук өнөр: айтым күү феномени, устат-шакирт өнөрканасы» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Маданият министрлигинин маалыматында, илимий иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, илимпоздор, ошондой эле маданият жана искусство өкүлдөрү катышты.
“Конференциянын негизги максаты – залкар комузчунун чыгармачылык мурасын терең изилдөө, кыргыздын комузчулук өнөрүндөгү ордун жана салымын даңазалоо, айтым күү феноменинин өзгөчөлүктөрүн илимий жактан талдоо, ошондой эле устат-шакирт салтын сактоо жана кийинки муунга өткөрүп берүү маселелерин талкуулоо болду”, – деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ныязаалы Борош уулунун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана кыргыз музыкалык маданиятындагы орду тууралуу баяндамалар жасалып, улуттук комузчулук өнөрдүн тарыхый жана руханий баалуулуктарын сактоо боюнча пикир алмашуулар болду.

