Бишкектин бардык райондорунда 20–21-ноябрда үйдө топтолуп калган таштандыларды жана керексиз буюмдарды чыгаруу уюштурулат.
Мэриянын маалыматына караганда, иш-чараны «Тазалык» муниципалдык ишканасы өткөрөт. Шаар тургундары колдонулбай калган эмеректерди, тиричилик буюмдарын жана башка калдыктарды таштанды контейнерлери жайгашкан аянтчаларга алып чыгып коюшу керек.
Атайын техникалар таштандыларды ошол жерлерден жыйнап, шаар сыртына чыгарат.
Мэрия бул иш-чара бир жолку акция экенин белгилеп, тургундарды мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, короолорду жана ага чектеш аймактарды тазалоого чакырды.

