Башкы беткеМинистрлер кабинетиКоргоо министрлигинде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча сабактар өттү

Коргоо министрлигинде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча сабактар өттү

Коргоо министрлигинин жетекчи курамы үчүн уюштурулган оперативдик жыйындын алкагында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча сабактар өткөрүлдү.

2026-жылдын 18-ноябрында өткөн сабактар Коргоо министринин орун басары, полковник Алмазбек Кулмурзаев жетектеген жыйындын алкагында уюштурулду.

Ага Башкы прокуратуранын өкүлдөрү — юстициянын полковниктери Р. Бейшалиев жана Р. Тагаев катышты.

Сабак учурунда коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, тиешелүү мыйзамдардын талаптарын сактоо жана мыйзам бузууга жол берген кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилиги тууралуу маселелер талкууланды.

Белгилей кетсек, Коргоо министрлигинин жетекчи курамы катышкан оперативдик жыйын 16-ноябрда башталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар