Ысык-Ата районундагы Чүй агроөнөр жай аймагында «Асыл тери» заводу үчүн саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушу жүрүп жатат. Объектти 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору Зарылбек Каратаев курулуштун жүрүшү менен таанышты.
Маалыматка ылайык, 2026-жылы башталган курулуш заводдун өндүрүштүк жана тиричилик саркынды сууларын тазалоого багытталган.
Курулманын негизги өзгөчөлүгү — суунун курамындагы күкүрт менен хромду тазалоо мүмкүнчүлүгү. Саркынды суулар бир нече баскычтан өткөрүлүп тазаланат.
Объект ишке кирсе, саркынды сууларды тазалоонун сапаты жакшырып, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди азайтууга шарт түзүлөт.

