Башкы беткеКоомЫсык-Көлдө 110 жаранга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү

Ысык-Көлдө 110 жаранга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү

Ысык-Көл облусунда 110 тургунга акысыз юридикалык консультация берилди. Көчмө кабылдамалар президент Садыр Жапаровдун жергиликтүү калк менен жолугушууларынын алкагында уюштурулду.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, адистер Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу, Тоң жана Ысык-Көл райондорунда жарандарды кабыл алышты.

Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү жер талаштарына, мурасты тариздөөгө, алимент өндүрүүгө, адвокаттык жана соттук-эксперттик кызматтарга байланыштуу болгон.

Мындан тышкары, тургундардын жазуу жүзүндөгү арыздары да кабыл алынып, кароо жана мыйзам чегинде чечүү үчүн тиешелүү бөлүмдөргө жөнөтүлдү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар