Кыргызстанда балдардын музыкалык, көркөм сүрөт жана искусство мектептеринин директорлорун кызматка дайындоо үчүн ачык сынак өткөрүү тартиби киргизилди.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, жаңы тартип Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди.
Ага ылайык, директорлук кызматка талапкерлер кесиптик тажрыйбасына жана башкаруучулук жөндөмүнө жараша тандалат.
Бош кызмат орундары, талапкерлерге коюлган шарттар, керектүү документтердин тизмеси жана сынактын мөөнөттөрү министрликтин расмий сайтында жарыяланат.
Жаңы тартип жетекчилерди тандоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылууга жана балдардын маданият, искусство багытында сапаттуу билим алуусуна шарт түзүүгө багытталган.

