Коом – ар бир элдин тарыхый өнүгүүсүн, анын басып өткөн жолун келечек менен бириктире турган, улуу муундан калган руханий тажрыйбаларын жоготпой, сактап, өнүктүрүп, жаңы замандын чакырыктарына жооп бере алган идеяларга дайыма муктаждык болуп турат. Анткени тарыхый эс-тутумунан ажыраган коомдун келечеги эч качан туруктуу болбойт. Ошол эле учурда өткөндү гана эңсеп, улам кылчайып артка карай берген коом да алдыга жыла албайт. Ошондуктан улуттук өнүгүүнүн багыты кимдир бирөөлөрдү сокур кайталоо эмес, мурунку тарыхый тажрыйбаларды, руханий мурастарды жана ондогон кылымдар бою калыптанган нарк-насилдерди азыркы мезгилдин шарттарына айкалыштырып, өзүбүздүн уңгужолду улантып, жаңы жана кубаттуу Кыргызстанды курууну улантышыбыз керек.
Чындыгында жаңы Кыргызстанды курууда мамлекеттик институттар же жаратылыш кендери эле жетиштүү болуп калбайт. Бул жерде алардан кем эмес орунду ээлеген жарандык биримдиктин орду да өтө чоң. Анткени тарых тажрыйбалары көрсөткөндөй, ынтымак, биримдик бар жерде гана туруктуулук, өнүгүү-өсүү бар. Ал эми тили, дини, дүйнөтаанымы, маданияты, адеп-ахлагы ар түрдүү элди бир күчкө, бир коомго кантип бириктиребиз? Бул суроого жооп табуу өтө кыйын. Демек, жарандык коомду түзүүдө эң ири, өзгөчө жана башкача идея керек. Мындай идеяны табуу, ишке киргизүү оңой иштердин бири эмес экендиги талашсыз. Бул багытта дүйнөлүк тажрыйбалар көрсөткөндөй иш алып барсак деле болмок, бирок ар бир чөлкөмдүн өзгөчөлүктөрү, айырмачылыктары болбой койбойт. Ага көптөгөн факторлор роль ойнойт, эске алчу жагдайлар көп.
Ооба, аталган жаатта ондогон жылдар дээрлик тынымсыз эле иштер жүрүп келе жатат. Нечендеген мамлекеттик программалар иштелип чыкты. Бирок ошол эле учурда мамлекеттик институттар сунуштаган эле программа иштеп кетпесин да көрдүк, себеби алардын далайын башыбыздан кечирдик. Жеке тараптар да сунуштаган долбоорлор болуп келгендигин белгилебей коюуга болбойт.
Башкасын айтпаганда да, “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз” деп аталган чакырык башында жакшы иштей баштагандай болгону менен, кийинчерээк этностук маселелерден улам токтоп калды. Андан кийин бир топ жылдардан соң “Кыргыз жараны” идеясынын башаты башталды. Тагыраак айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 74 “Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясы жөнүндө” Жарлыгы кабыл алынып, анын негизинде иш-чаралар планы иштелип чыккан. Мына ушул жылдар аралыгында, андан кийинки иш алып учурунда “Кыргыз жараны” концепциясын кабыл алуу идеясы пайда болуп, анын концепциясынын долбоору иштелип, ошол кездеги Президенттик Аппаратка киргизилген. Бирок ал иш көпкө созулуп, кайра башка редакцияда иштелип отуруп, Жарлык 2020-жылдын 13-ноябрында кабыл алынды. Бул учурда өлкөдө саясий абал өзгөрүп кеткендигин белгилебесек да баарыңыздарга маалым.
Ошентип Кыргызстанда жарандык коомду куруу боюнча аракеттер тынымсыз эле жүрүп келет. Алардын айрымдары коомдун катмарына кирип, өзүнүн жемишин берип келе жатса, калган бирөөлөрү кагаз жүзүндө гана кала берди. “Эмне үчүн мындай болду?” деген суроого биз мындай деп жооп берет элек.
Кыргызстанда 30 жыл ичинде саясий баш аламандык маал-маалы менен туруктуу түрдө кайталанып турду. Экинчиси, акыркы он жылдыктарда, мамлекеттик институттарда, элдин эс тутумунда ишти улантуучулук (преемственность) деген ой такыр калыптанбаптыр. Тетирисинче, эки тарап (кеткен жана келген бийлик) тең ачык эле бирин-бири жактырбай жектеп, кеткендер: “буларда идея жок да, биздикин улантып жатат, ии-хи-хи…” деп провокация кылса, экинчи тарап: “эмнеге биз алардын ишин улантышыбыз керек, болбойт, жаңысын иштеп чыккыла” деп, жаңыдан жүрө баштаган, элге сиңе баштаган иштерди токтотуу өнөкөтү катуу калыптанган. Кызыгы, мындай кадамдар гуманитардык багытта эле эмес, өнөр-жай, айыл-чарба, жол транспорт тармагында да бай-бай кайталанып келди, чиркиндики десе. Мына ошол кедерги, кесепет соңку жылдары гана токтоп, бүтпөй турган жолдордун, имараттардын курулушу улантылып, аягына чыгып жатат. Антпесе, 20 жылдап чала бүтүп, курулушу токтоп калган мектеп, ооруканалар канча эле?
Эми биз, мурун түзүлүп, элге сиңип аралаша баштаган жакшы башталыштар боло турган болсо, аларды улантууга тийишпиз. Демек, биз ошол өрнөктү, маданиятты калыптандыралы. Түшүнгөндөр үчүн, бул жерде бир топтун куру намысы эмес, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы артыкчылыктуу орунда тургандыгын ыйык милдет катары эстен чыгарбашыбыз кажет.
Эске салсак, Уңгужолдун максаты – Кыргыз Республикасынын жаранынын жаңы руханий үлгүсүн жаратуу болуп саналат. Баса белгилейбиз, бул жерде “Кыргыз жараны” түшүнүгүн тар мааниде же этностук деңгээлде кабыл албашыбыз керек. Анткени Кыргыз жараны – кайсыл бир этностун өкүлү экендигине карабастан, Кыргыз Республикасын өзүнүн мекени жана жалпы тагдыры катары тааныган, мамлекеттин мыйзамдарын, анын эгемендүүлүгүн жана мамлекеттик символдорун урматтаган, өлкөнүн бүгүнкү абалына жана келечегине өзүн жооптуу сезген адамдарды айтабыз. Ал эми “Кыргыз жараны” деп аталып калышынын себеби биздин өлкөнүн аталышынан чыккандыгын эскерте кетебиз.
Ошондой эле Кыргыз жараны түшүнүгүн киргизүү менен, кимдир бирөөнү өзүнүн этностук өзгөчөлүгүнөн ажыратуу же бардык улуттарды бир калыпка салуу эмес, тетирисинче, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган ар түрдүү этносторду жалпы бир мамлекеттүүлүккө, жалпы бир жоопкерчиликке жана жалпы келечекке негизделген баалуулуктар тутумуна бириктирүү болуп эсептелет.
Ар бир кыргыз жараны өзүнүн тилин, маданиятын, тарыхын жана этномаданий өзгөчөлүгүн сактоого, өнүктүрүүгө укуктуу, ошол эле учурда ал Кыргыз Республикасынын жараны катары өз мамлекетинин тагдырына карата жоопкерчилиги бар экендигин эч качан унутпашы зарыл. Мына ушул жер –чиелешкен жер. Анткени улуттук өзгөчөлүк менен жарандык биримдик бири-бирине каршы коюлбай, тескерисинче, артыкчылык же көп түрдүүлүк катары каралат. Кыргыз жаранынын негизги өзгөчөлүгү да ушунда, ал өзүнүн жеке же этностук таандыктыгы менен эле чектелип калбастан, жалпы мамлекеттин кызыкчылыгын, коомдун биримдигин жана өлкөнүн келечегин өзүнүн жеке тагдыры менен байланыштыра түшүнө билүүсүндө болуп жатат.
Мындан сырткары, Кыргыз жараны – баалуулук, ишеним, таяным жана идеалдар тутумунун жандуу алып жүрүүчүсү, ошондой эле үлгүлүү жүрүм-турумун күндөлүк жашоо тартибине айландырган, сөзү менен ишинин ортосундагы жоопкерчиликти сезе билген, коом алдында гана эмес, өзүнүн абийиринин, ар намысынын алдында да жооп бере билген инсан. Анын эң башкы баалуулуктары – мекени, эли жана мамлекети. Бирок мекенчилдик жөн гана “мамлекетти жакшы көрөм” же ал жөнүндө жакшы сөз сүйлөө, анын ийгиликтери менен сыймыктануу аркылуу өлчөнбөйт. Чыныгы мекенчилдик – өлкөнүн кыйынчылыктарынан качпай, өз салымын кошуп, адал эмгек, маңдай тер менен жашап, мыйзамды урматтап, коомдук тартипти сактап, мамлекеттин келечеги үчүн колдон келген мүмкүнчүлүгүн жумшап, жоопкерчилик ала билүүсү.
Кыргыз жараны Кыргыз Республикасын жөн гана эл жашаган аймак же административдик түшүнүк катары эмес, ата-бабаларынын баскан изи, арманы менен жыргалы, азабы менен тозогу, өмүрү менен тагдыры катары карап, андан кийин аны келечек муунга өткөрүлүп берилчү аманат катары түшүнүшү керек. Андыктан өлкөнүн көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн мамлекеттик символдорун, мамлекеттик тилин урматтоо, ыйык тутуу жарандык маданияттын эң жогорку деңгээли экендигин дайым көрсөтүп жүрүшү шарт. Мамлекетке карата мындай мамилелер жасалма ураандардан же көз ирмемдик куру мактанычтардан жогору турарын билдирип турууга тийиш.
Адам, үй-бүлө, коом жана мамлекет – бири-биринен бөлүнүп турган өз алдынча түшүнүктөр эмес, алар бирин-бири толуктап туруучу бүтүн система. Ошондуктан адамдын өзүнүн үй-бүлөсүнө болгон жоопкерчилиги коомдук жоопкерчиликтен, коом алдындагы милдети мамлекет алдындагы жоопкерчиликтен ажыратылып каралбайт. Кыргыз жараны салттуу жана заманбап таалим-тарбиянын негизинде өзүнүн азыркы жашоосуна гана эмес, келечекке да жооптуу экенин аңдап жашаган инсан болушу зарыл. Ал өзүнүн бүгүнкү аракеттери үй-бүлөсүнүн, коомунун жана мамлекетинин эртеңки абалына таасир этерин түшүнгөндө гана жоопкерчилик жөн гана сөз эмес, анын күнүмдүк жашоо маданиятына, ыйык жөрөлгөсүнө айланат.
Урматтуу мекендеш, Уңгужол жеке адамдын кызыкчылыгын жокко чыгарбайт, анткени эркин жана өзүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү мол жарансыз күчтүү коомду куруу такыр эле мүмкүн эмес. Бирок жеке кызыкчылык коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгынан толугу менен ажырап калган учурда, адам өзүнүн убактылуу кызыкчылыгын жалпы келечектен жогору кое баштайт. Мунун өзү коомдук ишенимди, ынтымакты жана мамлекеттүүлүктүн ички негиздерин алсыратат. Демек, кыргыз жараны өзүнүн жеке максаты менен жалпы коомдук кызыкчылыктын ортосундагы тең салмактуулукту таба билүүгө тийиш.
Азыркы муун, азыркы учур өзүнөн өзү эле жоктон пайда боло калган жок. Анын тамыры, өзөгү, канат-бутагы бар. Эгер ошол тамырды кыркып же ага кам көрбөй койсо, анда өзөгү да, бутагы да соолушу, куурап калышы айдан ачык нерсе. Ошол сыяктуу кыргыз жараны дайыма өзүнүн өткөн чагына, тарыхына жана маданиятына көңүл бурууга милдеттүү. Биз өткөнгө көңүл буруу менен, билгенге, урмат-сый көрсөтүү гана эмес, руханий дем, кубат жана ишеним алып жатабыз. Анткени өткөн чак бириктирүүчү жана сыймык жаратуучу күчкө ээ.
Айрымдар ойлогондой, кыргыз элинин улуттук нарк-баалуулуктары өткөн доордун калдыгы эмес, ал улуу муундун жашоо тажрыйбасынан, ич ара мамилелеринен жана дүйнөтаанымдарынан жаралган руханий мурас. Улуттук баалуулуктарды сактоо, аларды тек гана майрамдарда эскерүү менен чектелбей, күнүмдүк жашоого, үй-бүлөлүк тарбияга, билим берүү системасына, маданиятка, коомдук мамилелерге, керек болсо жаңы технологиялык чөйрөгө да туруктуу негизде киргизишибиз керек. Мына ошондо гана биз атага тең туулган уул-кыздардан болушубуз мүмкүн. Антпесе бүгүн баары эле технологиянын жетишкендиктерин ураан кылып, “атадан артык болдук” деген түшүнүккө ооп бара жаткандай. Туура, “атадан бала өтпөсө акыр заман келет” деген, бирок аны ошол аталар айткан, керез-осуят катары калтырган. Көрсө, көп сөздү түз түшүнүп албашыбыз керек тура. “Уугум сага айтам, уулум сен ук” демекчи, ар бир айтылган сөздүн түпкү маанисин түшүнгөнгө аракет кылуу, аны чечмелөө оңой турбайт, бирок түшүнгөн, сырын ачкан муун чыгат, сөзсүз чыгат…
Биз ошондуктан жогоруда кыргыз жараны кандай болушу керектиги тууралуу кыялдарыбызды айткыбыз келди. Буйруса бул кыялдар аткарылат.
Кыргыз жаранынын дагы бир жогорку сапаты адилеттүүлүккө, теңдикке, ар-намыстуулукка жана абийирдүүлүккө негизделет. Себеби коом мыйзамдын күчү менен гана эмес, адамдардын бири-бирине болгон ишеними, адилеттүү мамилеси жана ички моралдык жоопкерчилиги менен да бекемделет. Адам эч ким көрбөгөн учурда да, бирөөлөр карап тургандай туура иш кыла билгенди үйрөнсө, өзүнүн кызыкчылыгы деп эле башка бирөөлөрдүн укугун тебелебесе, акысын жебесе, өзүнө карата талап кылган мамилени башкага карата да сактай алса гана адам деген улуу атка татыктуу болор беле? Илгери биздин ата-бабалар “адам бол” же “бул адам болбойт” деп чыгарган бүтүмдөрү жөн жерден чыкпаса керек. Мына ушул ар-намыс жана абийир – ички индикатор.
Уңгужолдо “айкөлдүк” тууралуу өтө жакшы берилген. Бирок ошол “айкөлдүк” сөзүн кандай түшүнөбүз? Айкөл сапатын алып жүрүүчү адам барбы? Ушул суроолордун тегерегинде азыноолак ой жүгүртүп көрөлүчү.
Айкөлдүктү биз – кең пейилдүүлүк, кечиримдүүлүк, берешендик катары гана түшүнүп калдык окшойт. Бул жерден даана көрүнүп тургандай, айкөлдүк бир эле сапат эмес, өзүнүн ичине бир нече асыл сапаттарды камтыган тутум экендиги көрүнүп турат. Анда, айкөлдүктү толук чагылдырыш үчүн башка да эң жогорку деп эсептелген сапаттарды да кошуп чыгуу керек болот. Бирок ошолордун ичинен эң маанилүүсү деп, мен, жоопкерчиликти коер элем. Кандай гана укмуш сапат болбосун, адамда жоопкерчилик болбосо, бекер корогон убакыт сымал болуп калат. Айкөл Манас атабызда мына ушул касиет күчтүү болгон. Ал элдин да, алдына келген эрдин да жоопкерчилигин мойнуна ала билген, досун да, душманын да кечирип да, сыйлай да билген. Андан кийинкилер душманын эмес, жакын тууганын кечире алыштыбы, “ат качырбас боз айгыр” боло алыштыбы? Албетте, бул риторикалык суроо.
Анда жыйынтык, ошондон бери айкөлдүк касиети эрге эмес, элге өтүп кетти окшойт. Анткени биз ошол айкөлдүк касиетти жалпы элден көрүп келе жаткандыгыбыз чындык. Эл арасынан саткынды да, киши өлтүргүчтү да, бүлүндүргүчтү да, зөөкүр-зулумду да “кечирели, оңолуп кетер, жазасын алды” деп кечирим берген, айкөлдүккө чакыргандар чыгып келе жаткандыгы да калп эмес.
Ошол эле учурда Кыргыз жаранынын айкөлдүгү анын принципсиздигин билдирбейт. Ал доско жумшак, тууганга боорукер, адамдардын арасында тынчтыкты жана ынтымакты сактоого умтулган адам болгону менен, адилетсиздикке, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына каршы аракеттерге кайдыгер карабаган, зарыл учурда бекем жана чечкиндүү боло билген жаран болушу керек.
Кыргыз жараны адал эмгек өтөөгө, өлкөнүн саясий, социалдык-экономикалык жана коомдук иштерине жигердүү катышууга дайыма даяр болушу керек. Өлкөнүн өнүгүүсүн кимдир бирөөдөн күтүп отуруу, жарандык жоопкерчиликтин алсыздыгынын белгиси. Анткени мамлекет өзүнчө бир абстракттуу күч эмес, аны түзгөн жана анын жашоосуна күн сайын катышкан миллиондогон адамдардын жалпы эмгеги жана жоопкерчилиги. Ошондуктан Кыргыз жараны үчүн адал эмгек жеке турмушту камсыз кылуунун гана каражаты эмес, мамлекетке жана коомго кызмат кылуунун да бир формасы болуп саналат.
Бүгүнкү дүйнө же учур билимдин, технологиянын жана маалыматтын заманына айланып жаткан шартта Кыргыз жаранынын билим алууга, өнөр-кесип үйрөнүүгө, илимий жана инновациялык технологияларды өздөштүрүүгө болгон чексиз умтулуусу анын эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири болушу кажет. Өзүнүн улуттук өзөгүн билген, эне тилин, тарыхын жана маданиятын сыйлап-урматтаган, ошол эле учурда илимий-техникалык өзгөрүүлөрдөн артта калбаган, жаңы билимди тез өздөштүрүүгө жана аны коомдун өнүгүүсү үчүн колдонууга жөндөмдүү жаран гана заман талабына жооп бере алат.
Уңгужол салт менен жаңычылды бири-бирине каршы койбойт, анткени тамырын терең түшүнгөн адамда тиешелүү иммунитеттер болуп, өзүнүн жүзүн жоготпойт, тетирисинче, ошол жаңылыктардын баарына өзүнүн баалуулуктарынын түсүн бере алат.
Кыргыз жараны жаратылыш байлыктарына да кылдат, сарамжалдуу жана жоопкерчиликтүү мамиле жасоого тийиш. Кыргыз элинин дүйнөтаанымында адам жаратылыштан бөлүнүп турбайт. Жер, суу, аба, тоо, жайлоо жана жаратылыштын башка байлыктары жашоо-тиричиликтин гана булагы эмес, жашоонун ажырагыс бөлүгү. Андыктан табиятка болгон аяр мамиле бүгүнкү күндө жаңы мааниге ээ болуп, экологиялык маданияттын, жарандык жоопкерчиликтин жана келечек муундун алдындагы ыйык парздын бөлүгү болуп калуусу шарт. Жаратылыш ресурстары азыркы муундун гана менчиги эмес, келечек муундарга өткөрүлүп берилчү аманат экенин унутпайлы.
Мына ушул жогоруда көрсөтүлгөн сапаттардын бардыгы өз-өзүнчө турган талаптардын жыйындысы эмес, ал бир бүтүн дүйнөтаанымдын, жарандык маданияттын жана руханий багыттын өз ара байланышкан бөлүктөрү болуп саналат. Мекенчилдик – жоопкерчиликсиз болсо, куру ураанга; улуттук нарк – билимден ажыраса, өткөнгө байланып калууга; билим жана технология – руханий негизден ажыраса, өзүмчүлдүк кызыкчылыкка; ал эми мамлекеттүүлүк – адамгерчилик менен адилеттүүлүккө таянбаса, формалдуу түшүнүккө айланып калышы толук мүмкүн. Ошондуктан Уңгужол ушул баалуулуктардын ортосундагы ички байланышты калыбына келтирүүгө жана Кыргыз жаранынын бүтүн образын түзүүгө багытталган.
Биз, Кыргызстандын келечеги кандай болот деген суроого жооп издеп жатып, эң оболу кандай жаранды тарбиялап жатабыз деген суроого жооп беришибиз керек экен. Анткени мамлекетти мыйзамдар гана эмес, ошол мыйзамдардын маанисин түшүнгөн жана аларды сактоону өзүнүн жарандык милдети деп эсептеген адамдар бекемдейт. Экономиканы жаратылыш байлыгы гана эмес, билимдүү жана адал эмгектенген адамдар өнүктүрөт. Маданиятты тарыхый эстеликтер гана эмес, аны өзүнүн жашоо образына айландырган жарандар сактайт. Мамлекеттүүлүктү болсо, мамлекеттик институттар гана эмес, анын тагдырын өзүнүн жеке тагдыры менен байланыштырган адамдар күчтүү жана кубаттуу кылат.
Демек, Кыргыз жараны – жөн гана Кыргыз Республикасынын паспортун алып жүргөн адам эмес. Ал өзүнүн мамлекетине болгон жоопкерчиликти сезген, мекенин сүйгөн, элинин тарыхын жана руханий мурасын түшүнө билген, ошол эле учурда заманбап дүйнөнүн билимине жана технологиясына ачык, адилеттүүлүктү, ар-намысты жана абийирди жашоосунун ички мыйзамы катары кабыл алган, адамгерчиликти жана абийирди бийик туткан, адал эмгектенүүгө, жаратылышты коргоого жана келечек үчүн жоопкерчилик алууга даяр инсан, адам.
Уңгужол дал ушундай Кыргыз жаранын калыптандырууга багытталган идеялык жана руханий багыт. Анын түбүндө – элдин тарыхый эс тутуму жана мамлекеттүүлүк тажрыйбасы, өзөгүндө – улуттук нарк жана адамзаттык баалуулуктар, таянычында – адилеттүүлүк, жоопкерчилик жана жарандык биримдик, ал эми багытында – билимдүү, жаратман, дүйнөгө ачык жана өз мамлекетинин келечеги үчүн жоопкерчилик ала билген жаңы муун турат.
Өзүнүн уңгусун билген, бирок ошол уңгунун ичинде камалып калбаган, тарых-тамырынан күч алган, бирок келечекке карай умтулган, өзүнүн жеке кызыкчылыгын коомдун жана мамлекеттин жалпы тагдырынан ажыратпаган Кыргыз жараны гана Кыргызстандын келечегин ишенимдүү бекемдей алат.



