Башкы беткеЭкономикаӨлкөбүздүн өр таянган өнөр-жай тармагы

Өлкөбүздүн өр таянган өнөр-жай тармагы

            Өлкөдө өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү, жергиликтүү чийки затты кайра иштетүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү экономикалык өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги багыттарынын бири. Анын ичинде курулуш материалдарын өндүрүү, тамак–аш өнөр жайы, энергетика жана башка тармактарда жаңы долбоорлор ишке ашырылууда. Жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2025-жылы дээрлик 800 миллиард сомго жеткен.

 

113 долбоордун 66сы ишке киргизилди

 

Өнөр жай тармагын өнүктүрүү жана жаңы өндүрүш объектилерин ишке киргизүү боюнча 2026-жылга 113 долбоорду ишке ашыруу пландалган. Анын алкагында 11 миңден ашык жумуш ордун түзүү каралган.

12-сентябрга карата 66 объект ишке киргизилген. Калган 47 объектти жыл аягына чейин пайдаланууга берүү милдети коюлган.

Ишке киргизилген объектилердин арасында энергетика, логистика, кайра иштетүү жана башка тармактардагы ишканалар бар. Алардын алтоосу сентябрга чейин ишин баштаган. Атап айтканда, «Сокулук-3» жана «Туюк» гидроэлектр станциялары, «РЭЦА» күн электр станциясы, Балыкчы шаарындагы «Алтын Логистик» борбору, «Бренд КГ» өндүрүшү жана «Вилби» балыкты кайра иштетүүчү заводу пайдаланууга берилген.

Ал эми 12-сентябрда дагы 60 объекттин ишине старт берилген. Бул долбоорлорго жалпысынан 533,2 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция туура келет. Аталган сумма сентябрга чейин ишке кирген алты объекттин инвестициясын камтыбайт. Демек, 533,2 миллион долларды бардык 66 объекттин жалпы инвестициясы катары кароого болбойт.

Ушул 60 объект боюнча 4 миң 22 жумуш орду көрсөтүлгөн. Ал эми 11 миңден ашык жумуш орду — жылдык планга кирген 113 долбоордун жалпы көрсөткүчү.

Бул жерде ишкананын ачылышы эле жетиштүү эмес. Анын туруктуу иштеши, продукция чыгарышы жана адамдарды узак мөөнөттүү жумуш менен камсыз кылышы өлкө экономикасы үчүн негизги натыйжа болуп саналат.

 

Курулуш материалдарын өндүрүүгө басым

 

Кыш, цемент, бетон, темир-бетон буюмдары, асфальт, айнек пакеттер жана башка курулуш материалдарын өндүрүү ички рыноктун керектөөсүн камсыз кылууга багытталган. 2025-жылы ишке киргизилген 119 объекттин 42си курулуш материалдарын өндүрүү тармагына туура келген. Тамак-аш азыктарын кайра иштетүү боюнча 18, энергетикада 14, жеңил өнөр жайда 10 жана тоо-кен тармагында тогуз объект пайдаланууга берилген. Мындан тышкары, химиялык жана фармацевтикалык продукцияларды чыгарган өндүрүштөр да ишке киргизилди.

2026-жылга карата планда курулуш материалдарын өндүрүү боюнча 43 долбоор каралган. Тамак-ашты кайра иштетүүдө 16, жеңил өнөр жайда жети долбоорду ишке ашыруу көздөлүүдө. Машина куруу жана фармацевтика тармактарында да долбоорлор бар.

ªндүрүштөрдүн аймактар боюнча жайгашуусу жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга багытталган. Талас облусунда асфальт-бетон өндүрүшү, Ош облусунда кыш заводдору, Чүй облусунда бетон, айнек пакеттер жана алюминий конструкцияларын чыгарган ишканалар ачылууда.

Курулуш материалдарын өлкө ичинде өндүрүү импортко болгон көз карандылыкты азайтууга, курулуш тармагын жергиликтүү продукция менен камсыз кылууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзүшү мүмкүн. Бирок бул үчүн продукциянын сапаты, баасы жана өндүрүштүн туруктуулугу да маанилүү.

 

800 миллиард сомго жакындады

 

2019-жылы өнөр жай продукциясынын көлөмү болжол менен 300 миллиард сом болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 799,7 миллиард сомго жеткен.

Анын ичинен курулуш материалдары кирген резина, пластмасса жана металл эмес минералдык продукциялар тобунда өндүрүш 35,7 пайызга көбөйгөн. Тамак-аш, суусундуктар жана тамеки продукциясында өсүш 30,1 пайызды түзгөн. Жыгач, кагаз жана полиграфия продукциясы 30,5 пайызга, химиялык продукция 19,8 пайызга өскөн. Пайдалуу кендерди казып алуу 14,2 пайызга көбөйүп, фармацевтикалык продукциянын өндүрүшү 1,7 эсеге жеткен.

Ошол эле учурда акчалай көлөмдүн өсүшүн өндүрүштүн реалдуу өсүшүнөн айырмалоо зарыл. Продукциянын сом менен эсептелген наркына баалардын өзгөрүшү да таасир этет. 2025-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн реалдуу өсүшү 10,6 пайызды түзгөн.

 

Чийки заттан даяр продукцияга

 

Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүүдөгү маанилүү багыттардын бири — жергиликтүү чийки затты терең кайра иштетип, кошумча наркы жогору даяр продукция чыгаруу. Бул жагынан айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Дыйкан-фермерлердин түшүмүн сатып алуу, аны өнөр жайлык жол менен иштетүү, таңгактоо жана даяр товар катары рынокко чыгаруу айыл чарбасы менен өнөр жайдын ортосундагы байланышты бекемдейт. Мындай система өндүрүүчүлөр үчүн туруктуу сатуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, кайра иштетүүчү ишканалардын чийки зат менен камсыз болушуна жардам берет.

Жеңил өнөр жай, фармацевтика жана машина куруу да өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар тармактардын катарына кирет. Бул багыттарда жаңы ишканаларды ачуу ички рынокту камсыз кылуу менен катар экспортко багытталган продукция чыгарууга шарт түзөт.

Энергетика тармагынын өнүгүшү да өнөр жайдын келечеги менен тыгыз байланыштуу. өндүрүш көбөйгөн сайын электр энергиясына болгон суроо-талап өсөт. Ошондуктан жаңы гидроэлектр станцияларын жана күн электр станцияларын куруу, энергия менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатуу өнөр жай саясатынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Жаңы ишканаларды куруу менен катар иштеп жаткан өндүрүштөрдү кеңейтүү, жабдууларды модернизациялоо жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү да зарыл.

Кыргызстандын өнөр жай тармагындагы негизги милдет —туруктуу жумуш орундарын түзүү, сапаттуу продукция өндүрүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү өнөр жайдын узак мөөнөттүү өнүгүшүн  камсыз кылуу болуп саналат.

 

Гүлмайрам Рахманбердиева, “Кыргыз Туусу”

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар