20-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту.
Жолугушуу Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындарынын алкагында уюштурулду.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев түрк делегациясын Кыргызстанда тосуп алып жатканына кубанычта экенин билдирип, боордош Түркия менен кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Өз кезегинде Нуман Куртулмуш ТүркПАнын жыйындарын жогорку деңгээлде уюштурганы жана көрсөткөн меймандостугу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Ошондой эле эки өлкөнүн жетекчилеринин ортосундагы тыгыз байланыштарды парламенттер аралык деңгээлде да улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Марлен Маматалиевди Түркияга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Мындан тышкары, жолугушууда билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча пикир алмашуу болду.



