Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Чаткал районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди.
Жашоочулар транспорттук каттамдар, жолдордун абалы, турак жай менен камсыздоо, социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгү, инфраструктураны өнүктүрүү, ишкердикти колдоо жана жумуш орундарын түзүү маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле мүлктүк талаш-тартыштарга, кылмыш иштерин иликтөөгө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарды социалдык жактан колдоого байланыштуу кайрылуулар айтылды.
Президент тиешелүү ведомстволорго жана жергиликтүү бийлик органдарына транспорттук каттамдарды уюштуруу, жол инфраструктурасын жакшыртуу, турак жай куруу жана суу менен камсыздоодогу көйгөйлөрдү чечүү маселелерин иштеп чыгууну тапшырды. Инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүгө жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Соттук териштирүүлөргө жана мүмкүн болгон укук бузууларга байланыштуу жарандардын кайрылуулары боюнча Президент укук коргоо органдарына жана прокуратурага жагдайларды тыкыр изилдеп, ар бир учурду объективдүү кароону камсыз кылууну тапшырды. Ошондой эле социалдык жактан аярлуу жарандардын турак жай маселелерин чечүү, оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү колдоо жана билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча тапшырмалар берилди.



