24-октябрда Бишкектеги Карагач токоюнда «Jashyl Dem Fest – KUZ 2026 – National Green Day» экологиялык фестивалы өтүп, бак-дарак отургузуу акциясы уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышты.
Экологиялык акцияга мамлекеттик органдардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, ыктыярчылар жана жаратылышты коргоого кызыкдар жарандар да катышты.
Фестивалдын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын катышуусуна өзгөчө көңүл бурулду. Бул айлана-чөйрөнү коргоо демилгелерине бардык жарандардын тең укуктуу катышуусуна шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн көрсөттү.
Иш-чараны «Эко Дем» экологиялык долбоору Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурду. Фестивалдын негизги максаты — коомчулуктун көңүлүн айлана-чөйрөнү коргоого, шаар аймактарын жашылдандырууга жана жаратылышка аяр мамиле жасоо маданиятын калыптандырууга буруу.



