Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры Өзбекстандын Анжиян шаарында өтө турган түрк дүйнөсүнүн театрларынын IV Эл аралык театр фестивалына катышат.
18–23-октябрь күндөрү өтүүчү эл аралык фестиваль ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен уюштурулууда. Аталган маданий иш-чарага катышууга чакыруу алган Ош улуттук драма театры көрүүчүлөргө «Тагдыр жөнүндө ыр…» («Бир келип кетчи Ош жакка…») спектаклин тартуулайт.
Спектакль Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Арслан Капай уулу Койчиевдин чыгармасынын негизинде коюлган.
Чыгармада XX кылымдын 30–40-жылдарындагы кыргыз айылынын турмушу, экологиялык көйгөйлөр, саясий репрессиялар жана Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги адам тагдыры чагылдырылат. Анда согуштун азабы, Мекенден алыс жерде немис туткуну болуп калган адамдын ички дүйнөсү жана башынан өткөргөн трагедиясы көркөм баяндалат.
Спектаклдин режиссёру — Кыргыз Республикасынын эл артисти Уланмырза Карыпбаев. Сүрөтчүсү — Садыр Ниязакунов.
Ош улуттук драма театрынын эл аралык фестивалга катышуусу кыргыз театр өнөрүн чет өлкөлөрдө таанытууга, түрк дүйнөсүндөгү театрлар менен чыгармачылык байланыштарды чыңдоого жана улуттук маданиятты эл аралык деңгээлде жайылтууга өбөлгө түзөт.



