Башкы беткеЭкономикаМанасбек Самидинов Ош жана Жалал-Абаддагы аэропорттордун курулушун текшерди

Манасбек Самидинов Ош жана Жалал-Абаддагы аэропорттордун курулушун текшерди

«Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барып, жаңы аэропорттук комплекстердин курулушунун жүрүшүн текшерди.

Ал «Ош» эл аралык аэропортундагы жаңы аэробекеттин жана жаңы «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун курулуш аянтчаларын кыдырып, иштердин аткарылышы, курулуштун сапаты жана белгиленген графиктин сакталышы менен таанышты. Ошондой эле жооптуу адистердин жана подряддык уюмдардын өкүлдөрүнүн отчетторун укту.

Манасбек Самидинов курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүп, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, бул долбоорлор аймактардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртууда жана өлкөнүн авиация тармагын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт.

«Ош» эл аралык аэропортунда аянты 25 миң чарчы метрден ашкан жаңы аэробекет комплекси курулууда. Ал аэропорттун жүргүнчүлөрдү тейлөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, ички жана эл аралык каттамдарды өнүктүрүүгө шарт түзөт. Курулушту 2026-жылдын аягына чейин бүтүрүү тапшырмасы берилди.

Ал эми жаңы «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун долбоору аэробекет комплексин, учуп-конуу тилкесин жана учактарды тейлөө үчүн зарыл болгон башка объекттерди курууну камтыйт. Аэропорттун курулушун 2027-жылдын III кварталында аяктоо пландалууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар