Кытайдын Тибет автономиялуу районунда магнитудасы 7ге жеткен күчтүү жер титирөө болду. Кытайдын расмий маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, кеминде 16 адам каза таап, 65 адам жаракат алган. Нагчу шаарынын түндүк бөлүгүндө жана анын айланасында жүздөгөн үйлөр кыйраган.
АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматына караганда, жер титирөө бейшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:33тө катталган. Жер титирөөнүн очогу Нагчу шаарынан чыгыш-түндүк-чыгышты көздөй 191 чакырым алыстыкта, калк сейрек жайгашкан бийик тоолуу аймакта болгон.
Кытайдын CCTV мамлекеттик телеканалы бул жер титирөө акыркы беш жылда аймакта катталган эң күчтүү силкинүү болгонун билдирди. Нагчу шаарынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кеминде 339 турак үй жана мал кармоочу 20 короо кыйраган.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү жана жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого чакырды.
Кырсык болгон аймакта 1600дөн ашык куткаруучу иштеп жатканы кабарланды. Жабыркаган калкка керектүү буюмдар, анын ичинде 1000 модулдук турак жай, 3000 чатыр, бүктөлмө керебеттер, чырактар жана кышкы кийимдер жеткирилген.



