Башкы беткеПрезидентПрезидент Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушту

Президент Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушту

Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун активи жана тургундары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы облустун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан масштабдуу иштер тууралуу айтып берди. Каражаттар социалдык объектилерди, жолдорду, ичүүчү суу менен камсыздоо жана ирригация системаларын курууга жана оңдоого, ошондой эле турак жай жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталууда.

Президент Ала-Бука районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына өзүнчө токтолду.

“2021-жылы Ала-Бука районунун бюджетинин көлөмү 313 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 607 млн сомго жеткен. Башкача айтканда, райондун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 1,9 эсеге көбөйгөн.
Ал эми, “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу 2026-жылдын 9 айында Ала-Бука районунун капиталдык курулуш тармагындагы 8 объектиге жалпысынан 238 млн сом каралып, 2026-жылдын 1-октбярына карата 232 млн сом акча каражаты толугу менен бөлүнүп берилди”, – деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы тоо-кен тармагын өнүктүрүү жана анын аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы маселесине да токтолду. Ал Ала-Бука жана Чаткал райондорунда иш алып барган компаниялар социалдык пакеттерден тышкары өз кирешелеринин 2%ын Жалал-Абад облусунун Өнүктүрүү фондуна жана райондук фонддорго которорун белгиледи. Аймактарды өнүктүрүүгө жыл сайын 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин каражат түшөт. Бул каражаттар айылдардагы социалдык объектилерди оңдоого жана жаңылоого жумшалат.

Ошол эле учурда Президент кен чыккан жерлерди иштетүүдө экологиялык талаптарды сактоо жана пайдалуу кендерди казып алуу аяктагандан кийин жерлерди калыбына келтирүү зарылдыгын баса белгиледи.

“Кен иштетилген соң ал жерлерге техникалык жана биологиялык рекультивация сөзсүз түрдө, толук кандуу жасалышы шарт. Жаратылышка, келечек муунга зыян келбеши керек”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Жол инфраструктурасы тууралуу айтып жатып, Мамлекет башчысы акыркы беш жылда Ала-Бука районунда 27 чакырым жолго асфальт төшөлгөнүн билдирди. 2026-жылы дагы 24 чакырым жолго асфальт төшөлүп, иштер улантылууда. Ошондой эле узундугу 217 чакырымды түзгөн Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка автомобиль жолун оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 90 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Иштерди толук аяктап, жолду пайдаланууга жакынкы эки-үч жылдын ичинде берүү пландалууда.

Президент калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелерине да токтолду. Учурда райондогу 41 айылдын болжол менен жарымы ичүүчү суу менен камсыз болгон. Беш айылда курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштерди аяктап, объектилерди 2028-жылы пайдаланууга берүү пландалууда. Калган калктуу конуштарда долбоордук-сметалык документтер даярдалууда.

Жыйынтыгында Мамлекет башчысы айыл чарбасын мамлекеттик колдоо чараларына токтолду. Талаа иштерин жүргүзүү үчүн дыйкандарга жеңилдетилген баада күйүүчү май берилүүдө. Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы 168 айыл чарба өндүрүүчүсүнө жылдык 6% үстөк менен жалпы суммасы 107 млн сомду түзгөн насыялар берилген.

Президент райондун инфраструктурасын өнүктүрүү жана жергиликтүү тургундардын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча иштер улантыларын баса белгиледи. Ошондой эле ал жетишилген натыйжаларды, аяктаган долбоорлорду жана кошумча көңүл бурууну талап кылган маселелерди биргелешип талкуулоону сунуштады.

Жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар