Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкек Брюсселдин сунушуна макул эмес

Бишкек Брюсселдин сунушуна макул эмес

Брюссель кыргызстандык мигранттарды «мобилдик миграциянын» алкагында кабыл алып, алардын ордуна Ооганстан, Африка өлкөлөрүнөн келген мигранттарды Кыргызстанга жайгаштырууну сунуштаган. Бишкек Евробиримдиктин бул программасына кошулууга көнгөн эмес.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңештеги жыйында билдиргендей, биздин өлкө мындай сунушка макул эмес. «Евробиримдик жогорку квалификациялуу адистерди чакырууга кызыкдар. Бирок алар «мобилдик миграция деп силерден жумушчуларды алалы, бирок силер Ооганстан, Африкадан келген мигранттарды үчүнчү мамлекет катары кабыл алгыла» деп сунуштап жатат. Биз ага такыр макул эмеспиз. Мүмкүн болсо, биздин мигранттар түз барып иштей берсин деп жатабыз», – дейт министр Жээнбек Кулубаев.

Европа үчүн мигранттар маселеси соңку жылдары абдан курчуду. Дал ушундай шартта Евробиримдик быйыл жайында өз мекенине кайтууга коопсуздуктан улам мүмкүн болбогон Африканын айрым өлкөлөрү жана Ооганстандан келген мигранттарды үчүнчү өлкөлөрдөгү борборлордо жайгаштыруу демилгесин көтөргөн. Эгер мындай миграциялык борборлорду өз аймагында жайгаштырууга макул болсо, Евробиримдик ал өлкөлөр менен кызматташтыкта бир катар жеңилдиктерди убада кылганы да кабарланган. Андай сунуш берилген өлкөлөрдүн катарында Борбор Азиядагы мамлекеттер да аталган. Бирок Астана жана Ташкент Евробиримдик менен визаны жеңилдетүү үчүн мыйзамсыз мигранттарга Казакстанда миграциялык борбор түзүүнү макулдашканы жөнүндө маалыматтарды четке
каккан.

Тышкы иштер министрлигинин бул позициясы абдан туура. Биринчиден, Африкадан жана Ооганстандан мигранттарды кабыл алуу опурталдуу болмок. Брюссель сунуштаган программа аркылуу Европадан бир ууч топ мигрант эмес, күргүштөгөн агымды кабыл алмакпыз. Экинчиден, кыргыз жарандарынын Евробиримдикке иштегенге баруу укугу үчүн Европа өзү жериген мигранттарды кабыл алуу натуура. Европанын сунушу адамгерчиликсиз. Евробиримдик бир кезде басып алып, байлыгын тартып алып, эми жакырчылыкка белчесинен баткан мурдагы колония-ларынан келген мигранттарды буюм сымал үчүнчү өлкөлөргө түртө салганы дешет айрым адистер. Экинчиден, Европаны эңсеп келген мигранттар Кыргызстанга барууга көнөбү? Алар үчүнчү бир өлкөдөгү депортациялык борбор деген лагерге жайгашууга макулбу? Андан тышкары, бир кирген соң, мигранттар “чык” десе, чыгып кетпейт оңой менен. Европанын ичинде беймаал иммиграция чоң түйшүк, болочок коркунуч. Маселен, жакында Сеутка мигранттардын чоң агымы селдей каптап кирип келиши Испанияны солкулдатып, Европаны чочутту, ич ара ыркын кетирди. Ушундай кезде Кыргызстан Евробиримдиктин шартына макул
болмок эмес.

Азыркы учурда кыргыздар Түркия, Түштүк Корея, Жапония жана Европага мыйзамдуу эмгек миграциясына барып иштеп келип жатышат. Ошол эле учурда өлкө өзү дагы жумушчу күчүнө муктаж. Мигранттардан чочулаган Европа мыйзамдарын катаалдаштырууда. АКШ да улам бир чектөөнү киргизүүдө. Элдердин “улуу көчүнүн” деми басылчудай эмес, бул универсал көрүнүш, глобалдык мүнөзгө ээ. Ушундай кырдаалда миграция жана иммиграция маселеси башка чукак кыргыз эли үчүн өтө кылдаттыкты жана ондогон жылдар тургай, кылымдарды мелжеген мыкты стратегиялык жүрүштөрдү талап кылат.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар