Башкы беткеМаданиятБишкекте «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форуму өтөт

Бишкекте «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форуму өтөт

2026-жылдын 5-ноябрында Бишкектеги «Жаштык Аренада» «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форуму өтөт. Иш-чара жаштардын өлкөнүн келечегине байланыштуу ой-пикирлерин угууга, демилгелерин колдоого жана өнүгүүгө багытталган сунуштарын талкуулоого арналат.

Форумга Кыргызстандын бардык аймактарынан келген жаштар, билим берүү, илим, бизнес, маданият, спорт жана коомдук демилгелердин өкүлдөрү катышат.

Программанын негизин «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар сурамжылоосунун жыйынтыктары түзөт. Анда билим алуу, жумушка орношуу, ишкердикти өнүктүрүү жана жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери каралат.

Иш-чаранын алкагында ачык баарлашуулар, интерактивдүү жолугушуулар, жаштардын долбоорлорунун бет ачарлары жана ийгиликке жетишкен жаштарды сыйлоо аземи өтөт. Ошондой эле өлкөнүн 15 жогорку окуу жайы катышкан чыгармачылык сынак уюштурулат.

Форумдун урааны — «Кыялымдагы Кыргызстан сенден башталат».

Иш-чара саат 14:30да башталат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар