“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын 2026-жылдын алгачкы тогуз айындагы кирешеси 1 млрд 12,8 млн долларга жетти. Бул тууралуу компания 27-октябрда маалымдады. Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын ушул мезгилинде ишкананын кирешеси 735,8 млн долларды түзгөн. Ошентип, бир жылда киреше 37,6%га өскөн.
Ал эми компаниянын таза пайдасы быйылкы тогуз айда 548,4 млн долларга жетип, 2025-жылдын ушул мезгилиндеги 320,2 млн долларга салыштырмалуу 71%га көбөйгөн.
Кумтөр январь-сентябрь айларында мамлекетке салык, дивиденд жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 627 млн 824 миң доллар которгон. Былтыркы жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 309 млн 904 миң доллар болгон.
Мындан тышкары, быйылкы тогуз айда компания салык жана башка милдеттүү төлөмдөр катары 277,8 млн доллар төккөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 74%га көп.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кумтөр мамлекеттин карамагына өткөндөн бери кендин кирешеси өсүп, өлкөнүн экономикасына олуттуу салым кошуп жатканын билдирген.



