Бүгүн, 28-октябрдан тарта Бишкекте жылытуу мезгили башталат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим абанын температурасынын төмөндөшүн, Гидрометеорологиялык кызматтын аба ырайы боюнча болжолун жана турак үйлөр менен социалдык объектилерди жылытуу үчүн электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүн эске алуу менен кабыл алынган.
Калаа бийлиги жылуулук берүү системасын ишке киргизүү учурунда жаралышы мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.



