Башкы беткеКоомАйыл чарбасын реформалоого 1000 күндүк иш план даярдалууда

Айыл чарбасын реформалоого 1000 күндүк иш план даярдалууда

Айыл чарба тармагын комплекстүү өнүктүрүү жана системалуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу максатында 1000 күндүк иш планы иштелип чыгууда. Инфляцияга каршы пландын алкагында министрликтин жоопкерчилигине кирген 32 пункт аныкталып, аларды белгиленген мөөнөттө ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоорлору даярдалууда.

Реформалардын негизги багыттары мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, субсидиялоо механизмдерин өркүндөтүү, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу жана ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү болуп саналат.

Мындан тышкары, айыл чарба продукциясын терең кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бул багыттагы чаралар ата мекендик продукциянын кошумча наркын жогорулатууга жана өндүрүштүн көлөмүн кеңейтүүгө багытталган.

Пландын негизги максаты — белгиленген чараларды өз мөөнөтүндө жана толук ишке ашырып, реформалардын натыйжасын иш жүзүндөгү өзгөрүүлөр аркылуу көрсөтүү.

Күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр фермерлердин жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн иштөө шарттарын жакшыртууга, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө жана калк үчүн экономикалык натыйжаларды сезилерлик кылууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар