Кыргызстанда 27-октябрдан 27-ноябрга чейин «Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү, аймагын көрктөндүрүү жана инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ачык архитектуралык сынак өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сынак президенттин тапшырмасы менен уюштурулуп, аны мамлекеттик катчы Арслан Койчиев координациялайт.
Ага архитекторлор, инженерлер, дизайнерлер, долбоорлоо жана шаар куруу уюмдары, илимий мекемелер жана чыгармачыл топтор катыша алышат.
Сунушталган долбоорлордо мемориалдык комплекстин тарыхый көрүнүшүн жана учурдагы эстеликтерди сактоо, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, транспорттук жана инженердик инфраструктураны жаңылоо маселелери камтылышы керек. Ошондой эле эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө, расмий делегацияларды кабыл алууга шарт түзүү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыздоо талап кылынат.
Катышуучулар архитектуралык концепциясын, башкы планын, эскиздик долбоорлорун, визуалдаштырылган материалдарын, түшүндүрмө катын, алдын ала сметасын, ишке ашыруунун этаптык планын жана квалификациясын тастыктаган документтерин тапшырышы зарыл.
Долбоорлорду атайын комиссия тарыхый-мемориалдык маанисине шайкештиги, өзгөчөлүгү, айлана-чөйрө менен айкалышы, функционалдуулугу, коопсуздугу, экологиялык талаптарга жооп бериши жана экономикалык жактан негизделиши боюнча баалайт.
Сынактын байге фонду жана кошумча техникалык талаптары өзүнчө жобо менен бекитилет.



