Башкы беткеЭкономикаКытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу: 304 чакырымга жакыны Кыргызстан аркылуу өтөт

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу: 304 чакырымга жакыны Кыргызстан аркылуу өтөт

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна 10 миңден ашык жумушчу жана 6,5 миңден ашуун атайын техника тартылган. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Жалпы узундугу 525 чакырымды түзгөн темир жолдун 304 чакырымга жакыны Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт. Долбоордо 20 станция, 50 көпүрө жана 29 туннель куруу каралган. Темир жолдун 40 пайызы туннель жана көпүрөлөрдөн турат.

Ишкананын маалыматына ылайык, учурда 29 туннелдин 28инде курулуш иштери жүрүп жатат, алардын бири толук казылып бүткөн. Ошондой эле 50 көпүрөнүн 47синде курулуш уланууда.

Темир жол Кытайдын Кашкар шаарынан Торугарт, Макмал жана Жалал-Абад аркылуу Өзбекстандын Анжиян шаарына чейин созулат. Ал жүк жана жүргүнчү ташууга ылайыкталат.

Долбоордун курулушу 2024-жылдын 27-декабрында башталган. Анын жалпы наркы 4 млрд 665 млн доллар деп бааланган. Каржылоонун жарымын Кытай үч өлкө түзгөн биргелешкен долбоордук компанияга насыя түрүндө берет.

Компаниянын үлүштөрү Кытайга 51 пайыз, Кыргызстан менен Өзбекстанга 24,5 пайыздан бөлүнгөн. Курулушка жалпысынан 20 миңден ашык адам тартылары мурда маалымдалган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар