Башкы беткеКоомТүрк мамлекеттер уюмунун 13-саммити 30-октябрда өтөт

Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммити 30-октябрда өтөт

30-октябрда Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 13-саммити өтөт. Бул жолку жыйын «Түрк кылымы: тилде, ойдо, иште биримдик» деген темада уюштурулат.

Уюмдун маалыматына караганда, саммитке Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган төрагалык кылат. Ага мүчө мамлекеттердин башчылары, байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана ТМУнун башкы катчысы катышат.

Жыйында саясий кызматташтык, соода жана инвестиция, транспорт, энергетика, санариптик өнүгүү, маданий-гуманитардык байланыштар жана уюмдун ишин өркүндөтүү маселелери талкууланат. Ошондой эле түрк мамлекеттеринин биримдигин бекемдөөгө жана «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы — 2040» стратегиясын ишке ашырууга көңүл бурулат.

Саммитте уюмдун жаңы башкы катчысын дайындоо жана алдыдагы мезгилге карата стратегиялык артыкчылыктарын аныктоо күтүлүүдө. Түркия Азербайжандан ТМУга төрагалыкты өткөрүп алгандан кийинки бул жыйын кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы багыттарын белгилейт.

Жыйындын соңунда кызматташтыкты тереңдетүүгө жана уюмдун түзүмүн бекемдөөгө багытталган документтерди, анын ичинде Анкара билдирүүсүн кабыл алуу пландалууда.

Саммиттин алдында тышкы иштер министрлер кеңешинин жана ТМУнун тиешелүү органдарынын даярдык жыйындары өткөрүлөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар