«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК исламдык камсыздандыруу — такафул багыты боюнча алгачкы төлөмдү жүргүздү. Кардарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн фонддон 27 миң 145 сом төлөндү.
Мекеменин маалыматына ылайык, Министрлер Кабинетинин тапшырмаларын ишке ашыруу максатында уюм исламдык камсыздандырууну өнүктүрүү үчүн «Ислам терезесин» ачкан. Бул жарандарга классикалык жана исламдык камсыздандыруунун бирин тандоого мүмкүнчүлүк берет.
Такафул кызматтары шариат принциптерине ылайык көрсөтүлөт. Исламдык каржылоонун талаптарына ылайык, мурабаха жана иджара сыяктуу инструменттер аркылуу сатылып алынган мүлк такафул принциптери боюнча камсыздандырылууга тийиш.
МКУ такафул багытын мындан ары өнүктүрүп, жарандар үчүн камсыздандыруу кызматтарын тандоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жана ишенимди бекемдөөнү көздөйт.



