Башкы беткеКоом"Коррупцияга жол жок!" — ИИМ маалыматтык челлендж баштады

“Коррупцияга жол жок!” — ИИМ маалыматтык челлендж баштады

Ички иштер министрлиги «Коррупцияга жол жок!» аттуу маалыматтык челлендж баштады. Демилге 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын алкагында уюштурулду.

ИИМдин маалыматына ылайык, челлендждин максаты — коррупцияга каршы күрөштүн маанилүүлүгүн коомчулукка жеткирүү, жарандардын укуктук жана антикоррупциялык маданиятын жогорулатуу, ошондой эле коррупцияга каршы коомдук позицияны бекемдөө.

Иш-чаранын алкагында эстафеталык вымпел министрликтин башкы башкармалыктары жана ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн ортосунда өткөрүлүп берилет.

Министрлик жарандарды жана мамлекеттик органдарды коррупцияга каршы күрөшкө активдүү катышууга, мыйзамдуулукту сактоого жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар