АКШнын аскерлери Япониянын Окинава префектурасында жайгашкан Кадена авиабазасында Кытайдын BYD компаниясынын унааларын колдонууга тыюу салды. Мындай чечим коопсуздукка байланыштуу тынчсыздануулардан улам кабыл алынганын Kazinform агенттиги Kyodo агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка ылайык, унаалардагы камералар жана сенсорлор аскердик объекттин аймагында маалымат чогултуу үчүн колдонулушу мүмкүн деген кооптонуу бар.
Бул тууралуу 26-октябрда Кадена базасында жайгашкан АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн 18-авиаканаты маалымдаган. Анын өкүлү, подполковник Алли Стормер BYD унаалары аскер кызматкерлеринин коопсуздугуна жана аскердик тапшырмаларды аткарууга коркунуч жаратышы мүмкүн экенин билдирген. Бирок ал конкреттүү коркунучтар тууралуу маалымат берген эмес.
Yonhap агенттигинин маалыматына караганда, ушундай эле чектөөлөр Түштүк Кореядагы жана башка өлкөлөрдөгү АКШнын аскердик базаларында да киргизилиши мүмкүн.
Кадена авиабазасы АКШнын Азия-Тынч океан аймагындагы стратегиялык маанилүү аскердик объектилеринин бири болуп саналат.
Чектөө заманбап унаалардагы камералар, сенсорлор жана башка электрондук системалар айлана-чөйрө тууралуу маалыматтарды, анын ичинде аскердик объектилердин жанындагы маалыматтарды чогулта алышы мүмкүн деген кооптонууга байланыштуу.
Буга чейин АКШнын Коргоо министрлиги BYD компаниясын Кытайдын аскердик компанияларынын тизмесине киргизип, мындай компаниялардын АКШ менен коргонуу тармагындагы келишимдерди түзүүсүнө чектөө койгон.



