Ош облусунда Ош – Кара-Суу автожолун реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Долбоорго ылайык, узундугу 18 чакырым 690 метр болгон жол толугу менен жаңыланып, төрт тилкелүү болуп, туурасы 22 метрге чейин кеңейтилет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, эл аралык маанидеги бул жол оор жүк ташуучу унаалардын коопсуз жана үзгүлтүксүз жүрүүсүнө ылайыкташтырылып курулууда. Жолдун жүрүүчү бөлүгүнө калыңдыгы 9 сантиметр болгон төмөнкү жана 6 сантиметрлик үстүңкү асфальт катмары төшөлөт.
Мындан тышкары, жолдун эки тарабына туурасы үч метрден болгон тротуарлар жана веложолдор курулат. Учурда жумуштарга 120 атайын техника жана 150 кызматкер тартылган.
Долбоордо төрт көпүрө куруу каралган. Алардын үчөө толугу менен бүткөрүлүп, төртүнчүсүндө курулуш иштери улантылууда.
Автожолдун жаңыланышы транспорттук байланышты жакшыртып, унаалардын өтүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.



