27-октябрда саат 09:00дөн түнкү 00:00гө чейин Бишкектин түштүк бөлүгүндө ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Суу Малдыбаев, Ахунбаев, Тыныстанов, Абдрахманов жана Саманчин көчөлөрү, ошондой эле 9-кичи район менен чектешкен аймактагы турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге жана башка объектилерге берилбейт.
Мэриянын маалыматына караганда, суу диаметри 300 миллиметр болгон түтүктө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкекводоканал» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын жана мекеме-уюмдарды алдын ала суу камдап алууга чакырат.



