2026-жылдын тогуз айында жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган 80 балага жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилди. Бул тууралуу прокуратура органдарынын балдардын укуктарын коргоо багытында жүргүзгөн иштери боюнча маалыматта айтылат.
Прокуратура органдары жетим балдардын жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын мүлктүк жана турак жай укуктарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурат.
Бул багыттагы иштер Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 13-беренесинде жана Турак жай кодексинин 43-беренесинде каралган кепилдиктерди ишке ашырууга, ошондой эле балдардын турак жай шарттарын жакшыртууга багытталган.
Прокуратура органдары балдардын мыйзам менен кепилденген укуктарын коргоо боюнча иштерди улантат.



