Башкы беткеМаданиятАлыкул Осмоновдун "Көл толкуну" китеби мажар тилинде жарык көрдү

Алыкул Осмоновдун “Көл толкуну” китеби мажар тилинде жарык көрдү

Венгриядагы Лаки-Телек улуттук академиясында кыргыз маданиятын даңазалаган иш-чара өттү. Анын алкагында Кыргыз улуттук «Манас» театры академияга боз үй белекке берип, залкар акын Алыкул Осмоновдун «Көл толкуну» китебинин мажар тилиндеги котормосун тааныштырды.

Салтанатка ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Элдар Абдылдаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дипломаттар жана маданият ишмерлери катышты.

Боз үйдүн белекке берилиши кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын жана каада-салтын таанытууга, эки өлкөнүн маданий байланыштарын чыңдоого багытталган. Ал эми Алыкул Осмоновдун чыгармасынын мажар тилинде жарык көрүшү кыргыз адабиятын чет өлкөлөрдө жайылтууга өбөлгө түзөт.

Иш-чарада «Манас» театрынын манасчылары жана төкмө акындары өнөр көрсөтүп, кыргыз элинин эпикалык мурасын, төкмөлүк өнөрүн жана музыкалык маданиятын тартуулашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар