Президент Садыр Жапаров Чаткал районунда мектеп окуучусунун сабалып каза болушуна байланыштуу күнөөлүүлөргө ырайым болбошу керектигин билдирди. Бул тууралуу ал аталган райондун тургундары менен жолугушууда айтты.
Анда небереси мектепте киши колдуу болгон тургун президенттен кылмыш ишин жеке көзөмөлүнө алууну өтүнгөн.
Жергиликтүү укук коргоо органдарынын өкүлүнүн маалыматына караганда, каргашалуу окуя 18-сентябрда Курулуш айылында болгон. Анда 11-класстын төрт окуучусу 9-класстын үч окуучусун сабап, натыйжада алардын бири каза тапкан. Бала “бизди сыйлабай койдуң” деген доомат менен сабалганы, шектүү балдар камакта экени жана тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылды.
“Жашпы-карыбы, айырмасы жок, мектептерде баланы сабап өлтүргөндөргө ырайым жок, башкаларга сабак болот. Сүйлөшүп бошонуп кетпесин ошолор. Биз буга катуу карайбыз. Бандит чалыш балдар мурда көп болгон. Азыр андайларды жоготтук. Эгер дагы бар болсо, абакта отуруп оңолуш керек, оңолбосо отура беришсин түрмөдө”, — деди Жапаров.



