Бүгүн, 23-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп айылындагы бир катар объектилердин ачылыш аземдерине катышты. Алгач Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Түп филиалынын жаңы имараты ачылды.
Имараттын курулушу 2025-жылдын июнь айында башталган. Жаңы имаратта кызматкерлер үчүн жумушчу кабинеттер, жарандардын арыздарын кабыл алуу жайы жана күтүү залы каралган. Бул шарттар мекеме кызматкерлеринин натыйжалуу иштөөсүнө жана калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.
Андан соң Адылбек Касымалиев Түп айылындагы «Ак-Кайың» эс алуу паркынын ачылыш аземине катышты. Объекттин курулушу 2026-жылы аяктаган.
Иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкө аймактарында тургундар жана коноктор үчүн ыңгайлуу эс алуу шарттарын түзүү, коомдук жайларды көрктөндүрүү жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү маанилүү экенин белгиледи.
Анын айтымында, мындай долбоорлор калктуу конуштардын жашоо жана саякаттоо үчүн жагымдуулугун арттырып, жергиликтүү ишкердиктин өнүгүшүнө жана жарандардын жашоо сапатынын жакшырышына өбөлгө түзөт.




