Башкы беткеИлимОкумуштуулар Арстанбап жаңгак токоюн ЮНЕСКОго киргизүү демилгесин кайрадан көтөрүшүүдө

Окумуштуулар Арстанбап жаңгак токоюн ЮНЕСКОго киргизүү демилгесин кайрадан көтөрүшүүдө

                 Кыргызстандык окумуштуулар Жалал-Абад облусундагы Арстанбап  жаңгак токоюн ЮНЕСКОнун табигый мурастар тизмесине киргизүү демилгесин кайрадан көтөрүп чыгышты. Алар негиздегендей, учурда жаңгак токоюнун актуалдуулугу күчөп, көйгөйү чоңоюп баратат. Анткени элдин саны өскөн сайын, жер, токой, отун пайдалануучулардын саны да кошо өсүп, жаңгак токоюнун айланасындагы көйгөйлөр көбөйүп баратат. Анын үстүнө анын аймагы барган сайын азайып, антропогендик кырдаалдар күчөп атат. Ошондуктан ал коргоого абдан муктаж. География илимдеринин кандидаты Толкунбек Асыкулов жаңгак токоюнда мындан 20 жыл башта дээрлик 4 жылдай, эл аралык деңгээлде, аз эмес окумуштуулардын катышуусунда ири илимий изилдөө иштерин жүргүзүүгө катышканын билдирип, анын жыйынтыгы менен ЮНЕСКОнун тизмесине ошондо эле киргизүү демилгеси көтөрүлгөнүн, бирок саясий кырдаалдын айынан ишке ашпай калганын айтат. Окумуштуу менен маекке көңүл буруңуздар.

       -Толкунбек Асыкулович, саламатсызбы? Арстанбап  жаңгак токоюн ЮНЕСКОгонун табигый мурастар тизмесине киргизүү демилгесин көтөрү жатыпсыздар. Негизи мындан 20 жыл башта жаңгак токоюнда илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн экенсиздер. Ошол изилдөөлөрдүн жыйынтыгы кандай болгон эле? Дүйнөлүк уюмга киргизүү сунушу ошондо деле көтөрүлгөн беле?

-Саламатчылык. Эң жакшы суроо болду. Анткени бул эң көйгөйлүү суроолордун бири болчу. Ооба, биз жаңгак токоюнда 2003-жылдан 2006-жылга чейин, дээрлик төрт жыл, илимий изилдөө иштерин жүргүзгөнбүз. Буга көп эмгек кеткен. Бул иштерди германиялык “Фольксваген” фонду каржылаган эле. Ал фонд азыркыга чейин илимий изилдөөлөргө көптөгөн колдоолорду көрсөтүп, илимге көбүрөөк пайдасын тийгизген фонддордон болуп эсептелет.

Анан биздин ошол изилдөөбүздүн алдында, аталган фондго Германиянын үч: Грайфсвальд, Гамбург жана Берлин Эркин университети (Freie Universität Berlin) чогулуп, долбоор жазышкан. Анан ага Кыргызстандын Улуттук университеттин География факультети, Ош мамлекеттик педогогикалык институттан (азыр – ОшМПУ) кошулган. Ал долбоордо Кыргызстандын түштүк аймагы илимий изилдөө иштерине аябай чоң аймак болуп: жаңгак токойлорун изилдөө, анын биологиялык эле жагын эмес, антропогендик факторлордун тийгизген таасири жөнүндө социалдык-экономикалык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Буга чоң-чоң профессорлор катышкан, айтсак: Германиядын Махаел Зукко, Херман Ройстман, Удошикофф, Кыргызстандан Биймырза Айтиевич Токторалиев сыяктуу көрүнүктүү окумуштуулар тартылган.

Бул иште окумуштуулар жетекчилик кылып, докторанттар өздөрүнүн илимий иштерин жаза башташкан. Анын ичинен Германиядан Хаген Готтшлинг, Матиаз Шмит сыяктуу окумуштуулар, алардан сырткары магистрлик иштерин жазып жүрүшкөн студенттер тартылган. Ал эми Кыргызстандан менден башка, илимий диссертациясын жазып жүргөн Ысабек Козанович Аматов сыяктуу илимий чөйрөдө жаш, анан биз менен кошо улуу муундагы окумуштуулар да катышкан.

Жогоруда айтып кеткендей, жаңгак токоюнун ландшавтык-экологиялык жагы, анан социалдык-экономикалык багытта изилдөөлөр жүргөн. Алар өзүнчө топторго бөлүнүп: бир профессор, бир доктарант, бир студент, бир магистр болуп, атайын топторго бөлүнүп изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Ал жерде жергиликтүү элдин оюн билүү максатында сурамжылоо иштери өткөрүлгөн, жаратылыштагы кубулуштарды, токойду ченөө, топурак катмарын, сууну изилдөө сыяктуу комплекстүү илимий иштер жүргүзүлгөн. Анан бул иштер аябай көп түйшүктөрдү, чечүүнү талап кылган көйгөйдөрдү алып келген. Бул нерсе Арстанбап , Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма, участокторунда көбүрөөк болду. Илимий изилдөө иштери жалпысынан жаңгак токойлору каптаган жана жаңгак токойлору каптабаган жерлерде жүрдү, дегеле токой чарбасына кирген бардык жерлер камтылган. Ошондой эле таза жаңгак өскөн аймактар изилденген. Бара-бара өзгөчө корголуучу аймактарды түзүү сунушталып, “Дашман” жаратылыш коругу ошондон түзүлүп калган.

Ушул сыяк туу жакшы иштер жүрүп, акыры долбоор да соңуна чыгып калган. Анын алкагында жакшы жыйынтыктарды ЮНЕСКОго сунуш кылуу идеясы болгон. Жаңгак токойлорун бул дүйнөлүк уюмдун табигый мурастар бөлүмүнө киргизип, ЮНЕСКОго каттатуу керек деген ой ошондо эле болгон. Же уюмдун “Адам жана биосфера” деген программасы аркылуу биосфералык резерваттар тизмесине киргизүү керек деп, биосфералык резерваттарды түзүү идеясы болгон. Ошентип ЮНЕСКОго эки багытта киргизсек деген сунушту ойлонгонбуз. Бирок биз жетишпей калдык, анткени ал учурда саясий иштер болуп кетти. Өлкөдө саясий кырдаал өзгөрүп кетти. 2005-06-жылдары Кыргызстанда саясат туруксуз болуп калбадыбы, ошентип жүрүп, унутулуп да калды.

Бирок азыр Ысабек Козанович экөөбүз Арстанбап  жаңгак токоюн ЮНЕСКОго киргизүү керек деген мурунку идеяны көтөрүп чыгалы деп атабыз. Анткени бул тема азыр дагы актуалдуу. Себеби токойлор барган сайын азайып, антропогендик кырдаалдар күчөп атат. Мурда биз изилдеп атканда эле жаңгак токойлордун арасында өскөн бадалдардын дээрлик көбү жоголуп кеткенине күбө болгонбуз, бул деген чоң көйгөй болчу. Демек, ошол көйгөй азыр дагы жашап атат.

-Ушул жерде табигый суроо пайда болуп атат, жаңгак токоюн ЮНЕСКОго киргизсе, Кыргызстанга, дегеле биздин жаратылышка эмне берет же эмне өзгөрөт?

-Ооба. Негизи биздеги жаңгак токойлор уникалдуу биологиялык ресурс болуп саналат. Ал бардык жерде эле өсө бербейт. Жапайы, өзүнчө табигый жаңгак токойлору Кыргызстандагы бирден бир байлыгыбыз болуп саналат. Башкаларын айтпаганда да, биздин мактанып, бетке кармай турган, дүйнөгө көкүрөк керип көрсөтө турган байлыгыбыздын бири – Ысык-Көл. Ал түндүктө, а түштүгүбүздө Арстанбап  жаңгак токоюбуз турат. Булар биринчи эле көзгө көрүнө турган обьекттер болуп саналат. Эгер жаңылышпасам Ысык-Көлүбүз ЮНЕСКОнун биосфералык аймак катары 434-тизмесинде турат. Ал бул уюмдун тизмесине киргендиктен, ага дүйнөлүк окумуштуулардын биосфералык аймак катары көңүлү бурулуп турат. Ысык-Көл тизмеге киргенден кийин, бул аймакта административдик дирекциясы түзүлгөн, аларга айрым учурларда атайын долбоорлор менен колдоолор келип турган. Жалпылап айтканда Ысык-Көлдү дүйнө коомчулугу билет.

А биз, кыргызстандыктар, өзүбүзчө патриот болуп, жаңгак токойлорду коргошубуз керек, көлүбүздү, тоолорубузду, арча токойлорубузду коргойлу деген нерсе жүрөктө бар да. Эми ошол биздин жүрөгүбүздөгү нерсе дүйнөлүк жүрөккө тараш керек болуп атпайбы. Дүйнөлүк жүрөктөргө тарата турган ишти ЮНЕСКО кылат. Бул организация жаңгак токоюңарды коргогула деп акча бере койбойт. Бирок, ЮНЕСКОго кирген табигый мурас катары дүйнө кабыл алат, дүйнө тааныган деп дүйнөлүк коомчулукка андан ары таанылат. А эгер кирбесе, эл аралык уюмдар “мындан башка деле коргоочу жерлер көп”,-дешет дагы, бул жаңгак токоюнун дүйнөлүк мааниси жок экен дегенге алып барат. Эгер ЮНЕСКОго кабыл алынып калса, ал жерде статусу аныкталып, дүйнөлүк коомчулук көңүл бөлөт. Анан өзүнчө долбоорлор тартылып келе баштайт дегендей.

-Жогоруда айтылгандай, Арстанбап  жаңгак токоюн кыргыз-немис окумуштуулары дээрлик 4 жылдай изилдеген экенсиздер. Анан азыр муну ЮНЕСКОго киргизүү керек деп көтөрүп аткан демилгеңиздерди сырттагы окумуштуулар кандай колдоо көрсөтүшү мүмкүн? Ошол эле немис же башка элдердин окумуштуулары? Анан бул сунушту кыргыз бийлиги кандай колдоого алышы мүмкүн, дегеле, бийликтен кандай колдоо күтүп жатасыздар?

-Биздин бийлик өзү деле жүрөгү менен сезип турса керек. Мисалы: илбирсти коргойм деп малыматтарды таратып, пропаганда иштерин жүргүзүп жүргөндө, биздин президенттин идеясы катары илбирсти расмий түрдө Кыргызстандын Улуттук символу катары кабыл алып, атайын жарлыкка кол коюп берди. Бул эми жаныбар да, ал эми өсүмдүк катары жаңгак токою да биздин сыймыгыбыз. Ал дагы илбирстей болгон, жоголуп бараткан, коргоого муктаж болгон биологиялык обьект. Коргоого өтө муктаж. Колдон келсе жаңгак токойлорун Кыргызстандын экинчи символу кылсак да болот. Анын үстүнө бул коркунучта калып атпайбы. Ошого дүйнөлүк коомчулук Кыргызстандын бийлигине көңүл бөлсө, албетте экологиялык уюмдар биригип, колдоп турушса, сөзсүз шыктануу болуп, жакшылап иштегенге жол ачылмак.

Чет элдик окумуштуулар тууралуу айтсак, албетте, алардан биз колдоо күтөбүз, жаңгак токоюн ЮНЕСКОго киргизүүгө алардын рекомендациясы өтө маанилүү. Ал эми жыйырма жыл башта изилдөөгө катышкан немис окумуштуулары менен биз азыр деле байланыштабыз. Бул демилгебиз реалдуулукка айланып баратканда биз аларды биргеликте иштөөгө чакырып, ЮНЕСКОго киргизүүгө аракет кылабыз деп турам. Убагында алардын ою деле түз болчу. Негизи батыштын окумуштуулары менен чогуу сунуштасак, колдоо таап кеткенге жакын болмок, анан ошол окумуштуулар деле жардам бергенге даяр болуш керек.

Бул идея азыр жаңы башталып атат да, себеби жаңгак токоюнун актуалдуулугу күчөп, көйгөйү чоңоюп баратат, эл көбөйүп, жер, токой, отун пайдалануучулардын саны өсүп атат деген чакырык болуш керек. Анан ЮНЕСКО деп анын статусун күтүп отура бербей, өзүбүз дагы коргогого аракет кылышыбыз керек. Илимий иштерди жүргүзүп, азыркы акыбалын билип турушубуз керек. Эгер эртең ЮНЕСКО мурунку илимий изилдөөлөр менен азыркысын салыштыралы, жаңы маалыматтарды бергиле, илимий жаңы базаңар барбы десе, ошого даяр болушубуз керек.

-Азыр илимий иштер барбы? Изилдөө иштери кандай жүргүзүлүп жатат?

-Биз изилдегендей кеңири масштабдагы илимий изилдөө долбоорду уга элекмин, бирок угушума караганда, “Флора-фауна интернешнл” деген чет өлкөлүк уюм ошол жакта иштеп жүргөн. Анан Германиялык GIZ уюму да колдоо кылып, кээ бир изилдөөлөр болгон. Негизи КР Илимдер академиясынын түштүк бөлүмү бар, Ысабек Козанович сыяктуу илимдүү, билимдүү токой изилдеген окумуштуулар бар. Ошолордун түздөн түз иштеп аткан иши. Ошолордун милдеттүү түрдө аткарып аткан иштерин колдонсо болот. Же илимий изилдөө жүргүзүү боюнча атайын чоң долбоор кылып ийсе болот. Бул демилгени эми эле козгоп атпайбызбы, аны өтөөсүнөн чыгышыбыз керек. Анан жергиликтүү, чет өлкөлүк экологиялык уюмдар менен байланыш түзүп, жаңы идеяларды алып чыкканыбызда жакшы болмок. Ошондой эле дипломдук, магистрдик иштер, диссертациялар жазылып, жаңы көйгөйлөрдү көтөрүп, жазып чыгышса, дагы да жакшы жаңылыктар болобу дейм.

Рахмат маегиңизге.

 

Маектешкен: Асанбек Каракозуев

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар