2–5-ноябрь күндөрү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң сахнасында Акбар Кубанычбековдун «Сүймөнкул» улуттук мюзикли көрүүчүлөргө кайрадан тартууланат.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, көрүүчүлөрдүн суроо-талабы менен сахнага кайтып келген чыгарма Кыргыз Республикасынын эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун өмүрүнө жана чыгармачылык жолуна арналган.
Мюзиклде залкар инсандын кайталангыс таланты, адамдык сапаттары жана кыргыз маданиятына кошкон салымы көркөм чагылдырылат. Музыка менен сахналык көркөм каражаттарды айкалыштырган чыгарма көрүүчүлөргө атактуу актёрдун жана сүрөтчүнүн өмүр жолу менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берет.
Мюзикль күн сайын саат 19:00дө башталат.
Билеттерди kassir.kg сайтынан жана «Bishkek Park» соода борборундагы кассадан сатып алууга болот.



