Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев ата мекендик багбанчылык чарбаларын колдоо максатында алма импортуна убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтомго кол койду. Чектөө 2027-жылдын 1-февралына чейин күчүндө болот.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, мындай чечим жергиликтүү фермерлер өстүргөн алманын түшүмүн өз убагында сатууга шарт түзүү жана ички рынокту жөнгө салуу максатында кабыл алынган.
Кыргызстанда мөмө берүүчү алма бактарынын жалпы аянты 26 миң 324 гектарды түзөт. Быйыл 179 миң 393 тонна алма жыйналышы күтүлүүдө.
Расмий маалыматтарга караганда, 2026-жылдын январь–август айларында өлкөгө 6 миң 438,9 тонна алма импорттолгон. Бул 2025-жылдагы жылдык импорттун көлөмүнөн 2,18 эсе көп. Алманын негизги бөлүгү Польшадан — 3 миң 554,1 тонна, Кытайдан — 1 миң 696,8 тонна жана Өзбекстандан 859,7 тонна ташылып келген.
Ошол эле учурда быйылкы жылдын алгачкы сегиз айында алманын экспорту 10 миң 779,52 тоннаны түзгөн. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миң 658,11 тоннага же 13,3 пайызга аз.
Өкмөт белгилегендей, импорттун көбөйүшү жана түшүм жыйноо маалында жергиликтүү алманын көлөмүнүн арбышы фермерлердин продукциясын сатууда кыйынчылык жаратышы мүмкүн.
Убактылуу чектөө ата мекендик алманы күз-кыш мезгилинде, анын ичинде 2027-жылдын январь айында сатууга шарт түзүүгө жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого багытталган.



