Башкы беткеКоомКыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрөт

Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрөт

Кыргызстанда 24–25-октябрда үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорологиялык кызматы (Кыргызгидромет) маалымдады.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3 градуска чейин төмөндөйт.

Чүй облусунун түндүк бөлүгүндө, Таластын Кара-Буура районунда жана Ысык-Көлдүн Түп районунда үшүк -3…-5 градуска чейин жетиши мүмкүн.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги аймактарда абанын температурасы 0…-2 градус болот.

Синоптиктер мындай үшүк мөмө-жемиш жана жашылча өсүмдүктөрүнө, казылып алынган жана жабылбай калган картошкага, ошондой эле кант кызылчасына зыян келтириши мүмкүн экенин эскертишет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар