Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан ЕАЭБ аймагына инвестиция тартууну көздөйт

Кыргызстан ЕАЭБ аймагына инвестиция тартууну көздөйт

Дохада өткөн 9-Дүйнөлүк инвестициялык форумга Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты.

Ал ЕАЭБ аймагына инвестиция тартуу боюнча панелдик сессияда сөз сүйлөп, Биримдиктин өндүрүштү өнүктүрүү, өнөр жай кызматташтыгын бекемдөө жана жаңы рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

Амангелдиев Кыргызстандын экономикалык өсүшү экспортко багытталган кызмат көрсөтүүлөргө жана кошумча наркы жогору өнөр жай продукцияларына таянарын айтты. Ошондой эле мамлекеттик программалар менен реформалар өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттырууга багытталганын билдирди.

Форумда туруктуу каржылоо, санариптик трансформация жана экономикалык чакырыктарды жеңүү маселелери талкууланды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар