Москва шаарынын борбордук бөлүгүндө 27–29-октябрь күндөрү мобилдик интернеттин иштөөсүнө чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Буга Газ экспорттоочу өлкөлөр форумунун мамлекет башчыларынын саммити жана «Россия — Африка» саммити себеп болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Kazinform ТАСС агенттигине шилтеме берүү менен жазды.
Орусиянын Санариптик өнүктүрүү, байланыш жана жалпыга маалымдоо каражаттары министрлигинин маалыматына караганда, чектөөлөр Үчүнчү транспорттук айланма жолдун ичиндеги аймакты камтышы мүмкүн.
27 жана 28-октябрда интернет үзгүлтүктөрү саат 11:30дан, ал эми 29-октябрда саат 9:30дан тарта болушу ыктымал.
Министрлик үн байланыш, үйдөгү интернет жана Wi-Fi кадимки режимде иштей турганын белгиледи. Ошондой эле социалдык мааниге ээ негизги кызматтар жана «ак тизмеге» киргизилген сайттар жеткиликтүү бойдон калат.



