Чолпон-Ата шаарынын 50 жылдык мааракесине карата төкмө акындардын республикалык айтышы өткөрүлөт. Мелдештин тандоо туру 31-октябрда Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтөт.
Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, катышуучуларды каттоо саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлүп, тандоо туру саат 10:00дө башталат. Тандоо баскычында акындардын жуптары чүчү кулак аркылуу аныкталып, алым сабак айтышат. Ар бир жупка 4–5 мүнөт убакыт берилет. Калыстар тобунун чечими менен эң жогорку упай топтогон 12 акын финалдык баскычка жолдомо алат.
Катышуучулардын төкмөлүк чеберчилиги, сөз байлыгы, теманы ачып берүү жөндөмү, ырларынын көркөмдүгү, үнүнүн кооздугу, комуз чертүү чеберчилиги жана сахна маданияты бааланат.
Айтыштын финалдык баскычы 2026-жылдын 6-ноябрында саат 14:00дө Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт. Финалдык беттештер упайлык негизде уюштурулуп, акындардын жуптары чүчү кулак аркылуу аныкталат.
Иш-чара кыргыздын төкмөлүк өнөрүн даңазалоого, улуттук маданий мурасты сактоого жана өнүктүрүүгө, ошондой эле жаш таланттарды колдоого багытталган.



