Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Токмок шаарындагы «Касиет» камволдук-жип ийрүүчү фабрикасына барды.
Өкмөттүн маалыматына караганда, МинКаб төрагасы ишкананын цехтерин кыдырып, өндүрүштүн азыркы абалы жана жабдуулардын иштеши менен таанышты. Италияда чыгарылган «Савио», «Тематеко» жана «Меццера» жабдуулары колдонулган цехтердин иши көрсөтүлдү.
1971-жылы негизделип, 1977-жылы ишке кирген фабриканын долбоордук кубаттуулугу жылына 1,5 миң тонна жип чыгарууга эсептелген. Бирок учурда ишкана жылына 75 тонна гана жип өндүрөт. Фабрикада 450 адам эмгектенет.
Сапардын жүрүшүндө Улуттук инвестициялык фонд даярдаган «Жүн кластерин өнүктүрүү стратегиясы: Кичи долбоорлордон чоң долбоорго» долбоору да тааныштырылды. Ал үч этаптан турат.
Биринчи этапта жүндөн кийиз жана жип чыгарган чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүүгө көңүл бурулган. Бул багытта 27 долбоор ишке ашырылып, 57,5 млн сом өлчөмүндө грант жана жеңилдетилген каржылоо берилген. Мындан тышкары, кепилденген сатуу мүмкүнчүлүгү бар миңден ашуун фермер тартылып, 100дөн ашык жумуш орду түзүлгөн.
Экинчи этапта Токмок шаарында жүндү алгачкы иштетүүчү ишкана куруу каралган. Долбоордун наркы 728,2 млн сомду түзөт. Ишканада 205 жумуш ордун түзүү, жылына 2 176 тонна жүн жуу жана суунун 95 пайызын кайра пайдалануу пландалууда. Ошондой эле жылына 98 тонна таза ланолин өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Үчүнчү этап «Касиет» фабрикасын толук өндүрүштүк циклге өткөрүүнү камтыйт. Анда жүндөн топс, камволдук жип, костюмдук жана пальтолук кездемелерди чыгаруу пландалууда. Өндүрүштүн жылдык кубаттуулугу 1 440 тонна болуп, чийки затты терең иштетүүнүн эсебинен кошумча наркты 5–7 эсеге көбөйтүү көздөлүүдө.
Кластердин ишке ашырылышы жүндү алгачкы иштетүүдөн тартып даяр кездеме чыгарууга чейинки толук өндүрүштүк чынжырды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Адылбек Касымалиев ата мекендик чийки затты терең иштетүү жана кошумча нарк түзүү өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ал тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоорлорду өз убагында ишке ашыруу жана «Касиет» фабрикасын толук кубаттуулукта иштетүү боюнча тапшырмаларды берди.


