Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү күйүүчү майдын үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыздоо жана мунай ташыган компанияларды колдоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
Өкмөт күйүүчү майды импорттоп, саткан ишканаларга субсидия берүүнү улантууда. Бул максатта республикалык бюджеттен 11 млрд 389 млн сомдон ашык каражат каралган. Анын 2 млрд 623 млн сомдон ашыгы бүгүнкү күнгө чейин берилди. Субсидиялоо 2026-жылдын 25-майында башталып, 31-декабрга чейин уланат.
Жыйында берилген маалыматка ылайык, мунай ташуучу компаниялардын, «Джунда» ЖЧКсынын жана «Кыргызнефтегаз» ААКсынын кампаларындагы, ошондой эле ташуу процессиндеги АИ-92, АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин, дизель отунунун жана автогаздын запасы жыл аягына чейин жетет.
Отурумда мунай ташыган компаниялардын жаңы келишимдерди түзүүсүнө жана күйүүчү майды өлкөгө жеткирүүсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп жатканы белгиленди. Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарындагы май куюучу жайлардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана күйүүчү майдын баасын туруктуу кармоо зарылдыгы айтылды.
Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга субсидияларды өз убагында берүүнү, ички рынокту күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоону, чек арадагы логистикалык маселелерди чечүүнү жана жаңы жеткирүүчүлөрдү табууну тапшырды.
Мындан тышкары, өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү заводдорду жаңылоо иштерин аяктоо жана жаңы ишканаларды куруу боюнча иштерди тездетүү милдети коюлду.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан жылына болжол менен 1,4–1,85 млн тонна мунай продуктуларын — бензин, дизель отуну жана суюлтулган газды керектейт.


