Бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаарындагы Карагач токоюнда «Jashyl Dem Fest – KUZ 2026 – NATIONAL GREEN DAY» экологиялык фестивалы өтүп, анын алкагында бак-дарактарды отургузуу акциясы уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери, мамлекеттик органдардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, ыктыярчылар жана башка кызыкдар тараптар катышты.

Экологиялык акцияга министрликке караштуу аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү да активдүү катышты.
Фестивалдын негизги максаты — коомчулуктун көңүлүн айлана-чөйрөнү коргоого буруу, шаар аймактарын жашылдандыруу жана жаратылышка аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу.
Мындай иш-чаралар экологиялык жоопкерчиликти жогорулатууга, жашыл аймактарды кеңейтүүгө жана айлана-чөйрөнү сактоо боюнча коомдук демилгелерди колдоого багытталган.



