Белгилүү коомдук ишмер, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу маалыматты анын жакындары тастыкташты.
Роза Айтматова 1937-жылдын 8-мартында төрөлгөн. Ал физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына эмгек сиңирген кызматкер жана аялдар кыймылынын активдүү өкүлдөрүнүн бири болгон.



