Майлуу-Суу шаарынын медициналык кызматын жакшыртуу максатында Жалпы дарыгерлик практика борборуна тез жардам унаасы берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Буга чейин, 23-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Майлуу-Суу шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө жергиликтүү калкка медициналык жардам көрсөтүү шарттарын жакшыртуу маселелери талкууланган.
Мындан аркы пландардын алкагында шаарда 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имаратын куруу маселеси да каралууда. Долбоорду ишке ашыруу Майлуу-Суу шаарынын жана ага чектеш аймактардын тургундары үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.
Тез жардам унаасынын берилиши медициналык мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана шашылыш чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.



