Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында Баткен окуясынын 26 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарада 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларында Мекенин коргоодо курман болгон жоокерлердин эрдиги эскерилди.

Эскерүү аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Коргоо министрлигинин Аскерлердин күнүмдүк ишмердүүлүгү башкы башкармалыгынын Тарбия иштери башкармалыгынын башчысы, полковник Марат Мурзаканов, Бишкек гарнизонунун аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчылары, Баткен жоокерлеринин республикалык кеңешинин жана республикалык комитетинин өкүлдөрү, ошондой эле курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен окуяларында өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун коргоодо курман болгон жоокерлердин эрдиги эскерилип, алардын жаркын элесине таазим кылынды. Эстеликке гүлчамбарлар жана гүлдөр коюлду.
Мындан тышкары, 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларында өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоого кошкон салымы үчүн бир катар катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин атынан ардак грамоталар тапшырылды.
Эскерүү иш-чарасы Мекенди коргоодо курман болгон жоокерлердин эрдигин даңазалоого, алардын элесин сактоого жана өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоого багытталды.



