Ош шаарындагы Төлөйкөн ат майданында 20–25-октябрь күндөрү өткөн көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги жыйынтыкталды. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев тапшырды.
Кыргызстандын жети облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген жалпы тогуз команда күч сынашты. Мелдеш Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын расмий бекитилген эрежелерине ылайык өткөрүлдү.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун — Чүй облусунун командасы. 1 миллион сом акчалай сыйлыкка ээ болду.
2-орун — Талас облусунун командасы. 500 миң сом сыйлык алды.
3-орун — Ош облусунун командасы. 250 миң сом менен сыйланды.

Биринчиликтин негизги максаты — улуттук спорттун түрү болгон көк бөрүнү жайылтуу жана өнүктүрүү, жаштарды достукка, биримдикке жана мекенчилдикке тарбиялоо, аймактык командалардын тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү, ошондой эле мыкты оюнчуларды жана күлүктөрдү аныктоо.
Мындан тышкары, мелдеш аймактарда көк бөрү боюнча машыгуу шарттарын жакшыртууга жана улуттук спортко болгон кызыгууну арттырууга багытталды.
Уюштуруучулар мелдештин жеңүүчүлөрүн жана байгелүү орундарды ээлеген командаларды куттуктап, бардык катышуучуларга жана күйөрмандарга ыраазычылык билдиришти.



