Башкы беткеКоомБишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат

Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат

26-октябрда саат 14:15ке карата Бишкек абанын сапаты боюнча дүйнөдөгү ири шаарлардын рейтингинде төртүнчү орунга чыкты. Бул тууралуу World Air Quality сайтындагы маалыматта көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, борбор калаада абанын сапатынын индекси (AQI) 153тү түзүп, «ден соолукка зыяндуу» деген деңгээлде бааланган.

Белгилей кетсек, абанын сапатынын индекси алты категорияга бөлүнөт. Көрсөткүч 50дөн төмөн болсо, абанын сапаты жакшы деп эсептелет. Ал эми 300дөн ашса, аба өтө кооптуу деңгээлде булганганын билдирет.

Көрсөткүчтөр реалдуу убакыт режиминде жаңыланып турат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар