Башкы беткеПрезидентV Элдик Курултай жөнүндө Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди

V Элдик Курултай жөнүндө Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин курамында:

– Чекиров Мамбеткерим Беккелдиевич, Баетов Аяз Батыркулович, Сагынбаев Канат Латипжанович курамдан чыгарылсын;

– Айылчиев Алмаз Асимович – Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Имангазиев Алмаз Кулубекович – Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Арабаев Чолпонкул Исаевич – И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Юридикалык институтунун юриспруденция кафедрасынын башчысы, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор, Кайыпов Сулайман Турдуевич – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик А.А. Алтмышбаев атындагы Философия институтунун cоциалдык философия бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор курамга киргизилсин.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар